24-ноябрда өтө турган элдик курултайга 670ге жакын адам катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда маалымат жыйында курултайдын уюштуруучуларынын бири Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага партиялар, саясий кыймылдар жана коомдук ишмерлер катышат. "Курултайга катышам деп кайрылып жаткандар көп, бирок Кыргыз драма театры 670 гана адамга ыңгайлашкан. Иш-чарага катыша албай калган мекендештерибиз маалымат каражаттары аркылуу жыйындын жүрүшү менен тааныша алышат", - дейт Дүйшөбаев.
Ал тийиштүү органдарга коомдук тартипти сактап берүү боюнча кайрылуу жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап беришет, ал эми "Кырк чоро" кыймылы имараттын ичиндеги тартипти көзөмөлдөйт.