Элдик курултайдын уюштуруучусу: "Атамбаевдин курултайга катышпай турганын билдиргенинен кыйынчылык же трагедия көргөн жокпуз"

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин курултайга катышпай турганын билдиргенинен кыйынчылык же трагедия көргөн жокпуз", - деп бүгүн, 22-ноябрда маалымат жыйында элдик курултайдын уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Ал Атамбаевдин курултайга катышпай турганын билдиргенин түшүнүү менен кабыл алышканын айтты.

"Биз эч кимди бөлүп, четтеткен жокпуз, курултайга бардык күчтөрдү чакырып, өтүндүк. Ошолордун катарында КСДП, Атамбаев бар болчу. КСДП акыр аягы катышпай турганын айтышты. Атамбаев дагы келбей турганын билдирди. Албетте, түшүнүү менен кабыл алабыз", - деди Дүйшөбаев.

20-ноябрда КСДП Алмазбек Атамбаев курултайды анын барышы кажет деген жыйын катары эсептебейт деп билдирген. "Уюштуруучулардын арасында өзүнүн пайдасын ойлогондор үстөмдүк кылып жатканы көрүнүп турат", - деп жазылган маалыматта.

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдунжана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан