"Чуңкур", "Гүлпери", "Күн мырза"... Учурда ойдун баарын ээлеп алган сериалдар кайсылар?

Урматтуу сериал сүйүүчүлөр, мындан ары сиздерге хит болуп жаткан сериалдар тууралуу айтып берип турабыз. Ошондой эле жакын арада көрсөтүлө турган сериалдар жөнүндө маалыматты да бөлүшөбүз.

Жаштык, студенттик күндөрдү талкалаган бир күндүк мамиле, никесиз наристе, жек көрүү жана өч алуу - “Ыйлаба, апа” мелодрамасында

Окуу жайга жаңы тапшырып, студент деген статусту алган Алевдин жашоосунда кызык күндөр орун алат. Башкы каармандын ролун актриса жана модель Бирже Акалай жараткан. Ал эми анын тасмадагы өнөктөшү Аднандын ролун Жансел Елчин аткарган. Бул түгөйлөр сүйүү кумарына азгырылып, чектен ашып кетет. Аднан ошол түндөн тарта дайынсыз болот. Алев көп узабай эле кош бойлуу экенин билет. Бирок бул тууралуу эч кимге айтпай, жатаканадан чыкпай жашайт. Айы-күнү келип төрөгөндөн кийин депрессияга түшүп, баласын өлтүрүүгө аракет кылат. Күбөлөр бул тууралуу полицияга чалып кабарлайт. Алевдин ата-энеси кызынын никесиз балалуу болгонун угуп, ымыркайын багып алышат. Алев баласын өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн абакка отурат. Чыккандан кийин ал өч алууну колго алат...

Бул сериал 2018-жылы чыгып, учурда 10 сериясы көрсөтүлгөн. Күйөрмандар сериалдын уландысын чыдамсыздык менен күтүүдө.

Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип абакка отурган 3 балалуу келиндин аянычтуу тагдырын баяндаган “Гүлпери” сериалы

Гүлпери - жашоосундагы тоскоолдуктарды жеңген айым тагдырдын дагы бир сыноосуна кабылат. Жолдошу Ейүп Ирак чек арасында болгон согушка катышып, каза болот. Ейүптүн өлүмүнө кайын журту Гүлперини күнөөлөп, 3 баласын сот аркылуу тартып алат. Ал эми Гүлперини абакка отургузат. Мөөнөтү бүтүп абактан чыккан Гүлпери балдарын өзүнө кайтарып алгысы келет. Ал ортодо Гүлпери мурунку сүйгөнү, белгилүү жактоочу Кадирге жолугат. Мунун бары 9 сериалда баяндалат.

Бул сериалда Кадирдин ролун Тимучин Эсен, Гүлперинин ролун Көсем Султандын образын ойногон актриса Нургүл Йешилчай жараткан.

"Чуңкур" боевигинде башкы каарман чыгармачылыкты таштап крим чөйрөсүнө аралашат

Аталган сериал 2017-жылы чыгып, бүгүнкү күндө 45 сериясы көрсөтүлгөн. Анда баш каармандын ролун Арас Булут Ийнемли жараткан. Ал крим чөйрөдөн алыс болгусу келип, чыгармачылыкка аралашат. Кыска убакыттын ичинде чыгармачылык жаатта ийгилик жарата алат. Бирок ата-энеси жашаган аймакта баңги затын жайылтуу күч алгандыктан, анын үй-бүлөсү мындай ыплас иштерге бөгөт койгусу келет. Бирок баңги затын саткандар менен аларга каршы чыккандардын ортосунда согуш чыгат. Андан адамдардын өмүрү кыйылат. Баш каарман бул ишти колго алууну чечет. Ал ортодо сүйүүсүн жолуктурат. Сүйүктүүсүнүн ролунда актриса, модель Дилан Чичек Дениз болгон. Дал ушул сериалдагы ролу 23 жаштагы актрисага ийгилик алып келген.

Сериалдын баш каармандары бир эле убакта сүйүүсүн сактап калабы же жылдар бою созулуп келе жаткан баңги затын жайылтпоону колго алабы?

“Альгамбрадагы эсте калган окуялар” – көрүүчүлөр толкундануу менен күтүп жаткан сериал

Испаниянын Гранада шаары... Аталган калаа дүйнөгө көптөгөн тарыхый эстеликтери менен таанымал. Анын ичинен эң көрүнүктүүсү – Альгамбра. Кезинде Насриддер династиясынын ак сарайы болуп турган. Сериал сүйүүчүгө эмес, саякатчыга керектүү маалымат го деп жаткандырсыз? Жок. Кезектеги жылдын эң күтүлүп жактан сериалы дал ушул шаарда тартылган.

Дүйнөнүн туш тарабынан туристтер каттаган бул жайга келип, кокустан көрүшүп, кийин бири-бирин сүйүп калган эки каармандын окуясы “Альгамбрадагы эсте калган окуялар” (“Memories of the Alhambra”) сериалында чагылдырылат. Дорама 1-декабрда старт алганы турат.

Баш каармандардын ролунда белгилүү корей актёру жана актрисасы Хён Бин менен Пак Шин Хйе. Экөө тең романтикалык жанрдагы сериал жана тасмалардын лидерлери. Тартуучу команда бул эки чебердин тасма талаасындагы сүйүү химиясын “бомба болду” деп комментарий берген. Хён Бин 2010-жылы чыккан “Сыйкырдуу бак” сериалы менен популярдуулукка жеткен. Ал эми Пак Шин Хйенин сөз кылчу ролдору өтө көп. 28 жаштагы актриса 2003-жылы чыккан “Бейишке карай тепкич” сериалы менен атактуу болуп, соңку жылдары “Мураскерлер”, “Пиноккио”, “Врачтар” сериалдарындагы жараткан ролу менен көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзыган.




“Күн мырза” башка сериалдарга рейтингди ээлөөгө жол бербей жатат

2018-жылы Түштүк Кореянын кабелдик телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн сериалдарынын ичинен ушул тапка карата эң чоң рейтинг жараткан “Күн мырза” ("Mr. Sunshine") болду. Жана ал ээлеген позициясын сериал көрсөтүлүп бүткөнүнө карабай башкаларга бербей келе жатат. Андан тышкары “Күн мырза” корей телеберүүсүндөгү эң масштабдуу жана эң кымбат долбоорлордун тизмесине кирет деп айтылган. Аталган сериалга коротулган каражаттын көлөмү 40 миллион долларга чукул. 24 бөлүктөн турган дорама ушул жылдын июль айынан баштап көрсөтүлүп, сентябрда аягына чыккан.

Сериалдын сюжетинде япон оккупациясына чейинки Кореянын 1900-жылдардын башындагы мезгили чагылдырылат. Актёр И Бёң Хон корей тектүү АКШнын аскеринин ролун жаратып, ал туулган мекенине кайтканда ак сөөк кызды жактырып калгандыгы баяндалат. Кореянын көз карандысыз болуусу үчүн күрөшкөн ак сөөк кыздын ролун дагы бир белгилүү корей актрисасы Ким Тэ-Ри аткарган. Белгилүү корей актёру И Бёң Хон сериал тартуу аянтчасына 9 жылдан кийин кайтып келгени да кызыгууну арттырган. Анын буга чейинки акыркы тартылган “Айрис” сериалы 2009-жылы чыккан.

Аталган сериалдын сценаристи – Ким Ын Сук. Ал буга чейин Түштүк Кореяда жана чет өлкөлөрдө да популярдуу болгон “Токкэби”, “Күндүн мураскерлери”, “Мураскерлер”, “Жашыруун бак” сериалдарынын да сценарийин жазган.


Сиз үчүн даярдалган материал кызыктуу болдубу? Учурда сиз кандай сериал көрүп жатасыз? Ой-пикирлериңизди комментарийде бөлүшүңүз.
Ойдун баарын ээлеп алган, хит болуп жаткан сериалдар кайсылар?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dilbaranurdinova
2018-11-24 01:18:13
Сериал коргону убакыт таппай калдым эки балам мн чарчап калам
+7
Feiza1982
2018-11-24 01:58:15
Гүлпери мн Ыйлаба апа деген сериалды калтырбай көрүп жатам азыркы учурда соонун кино мыкты сериалдар.
+3
romaantik
2018-11-24 02:11:38
Чункур сериалын калтырбай коруп жатам. Ото кызыктуу жогорку денгээлде тартылган.
+2
aika0906
2018-11-25 00:01:24
Гульперини кутуп бир жума отуп жатат
+1
marmilantka
2018-11-25 09:53:30
Эртигрул сонун кино
0
salman-dastan
2018-11-25 12:15:18
Кайсы сериал переводу менен толук буткон? Кайсы сериял баштасан эле жарыма келгенде эле аркы сериялары бир жумада бир сериясы чыгып куттуруп жатат.
0
Hacker99
2020-11-26 15:03:42
Чукур зор сериал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан