"Кагылышуу", "Асмандан түшкөн миллион жылдыз"... "Эми эмне болот экен" деп кайсы сериалды чыдамсыздык менен күтүп көрүп жатасыз?

Урматтуу сериал сүйүүчүлөр, мындан ары сиздерге хит болуп жаткан сериалдар тууралуу айтып берип турабыз. Жакын арада көрсөтүлө турган сериалдар жөнүндө маалыматты да бөлүшөбүз.

Төрт саны менен байланышкан "Кагылышуу" драмасы

- Адамга бир эле нерсе кызык? Эмне?
- Анын өлүмү. Адамды ал качан, кантип өлөрү кызыктырат.

Ушундай диалог менен башталган "Кагылышуу" ("Столкновение") сериалында полиция кызматкери, адвокат, банк кызматкери жана уурунун жол кырсыгына кабылганы көрсөтүлөт. Полиция кызматкери бактылуу үй-бүлөлүк жашоосунан айрылса, дал ушундай эле тагдырга банк кызматкери Зейнеп дагы кабылат. Бул адамдардын жол кырсыгына чогуу кабылышы көрөрмандар арасында суроо жаратты. "Балким, булардын келечеги бир болуп жүрбөсүн. Эмнеге болбосун? Экөө бири-бирине жарашат" деген божомолдор айтылууда. Ал эми сериалда дагы бир кызыктуу сюжет көрсөтүлөт. Алардын бири абакка отуруп чыккан Керем менен бардыгы мыйзам чегинде болуш керек деген адвокат Жемре тууралуу...

Сериалдагы полиция кызматкеринин ролунда түрктөрдүн Брэд Питти атыккан Кыванч Татлытуг бар. Ал "Тушалган махабат" ("Запретная любовь"), "Курт Сейит жана Александра" ("Курт Сеит и Александра"), "Эр жүрөк жана сулуу" ("Отважный и красавица") сериалдарындагы ролу менен атактуулуктун туу чокусуна жеткен.

Ал эми драмадагы банк кызматкеринин ролунда актриса Елчин Сангу болгон. Ал көпчүлүккө "Жалданма сүйүү" ("Любовь напрокат") сериалындагы ролу менен белгилүү. Мындан тышкары жол кырсыгына кабылган 4 адамдын бири адвокат. Сериалдагы адвокат айымдын ролун Мелиса Аслы Памук жараткан. 5 тилде эркин сүйлөгөн түркиялык актриса жана модель "Түбөлүк сүйүү" ("Kara Sevda"), "Курт Сейит жана Александра" жана башка сериалдагы ролдору менен белгилүү.

Сериалдагы уурунун ролун жараткан актёр Алперен Дуймаз болгон. Актёрдук карьерасын 2015-жылы баштаган Дуймаз 3 жыл аралыгында 5 сериалда роль жаратканга үлгүргөн. Тасма тааласына келгенге чейин Алперен Дуймаз модель катары иштеп, жарнамалык роликтерге тартылып жүргөн. Актёр социалдык тармактагы бардык түйүндөргө катталган жана активдүү колдонуучулардын катарына кирет. Драма ушул жылдын 22-ноябрында экранга чыгып, учурда 6 сериясы чыккан.

"Асмандан түшкөн миллион жылдыз". Аталган корей сериалы акыркы мүнөтүнө чейин “эми эмне болот” дегизет...

- Сүйүү деген жок.
- Сүйүү жок болсо, анда анын сезимдери менен эмнеге ойнодуң?
- Кызыгуудан улам. Бул чиркөөгө барган сыяктуу. Адамдар ал жерде Кудай жок экенин билишет, бирок баары бир чиркөөгө бара беришет.

Дал ушундай терең ойлорго жетелеген сүйлөшүүлөр кезектеги корей сериалынын сценарийине өзгөчөлүк кошкон. "Асмандан миллион жылдыз жаайт" ("И миллион звёзд падет с небес"/ "One Million Stars Falling from the Sky") деп аталган дорама көрүүчүлөрдү башка сериалдардан курч сюжети, баш каармандардын ролун чын дилден бериле аткарып бергени менен багынтты. "Аягына чейин эми эмне болуп кетет экен деп отурдум", "дорамага ушунчалык баш-отум менен кирип кеткеним үчүн акыркы сериясына кантип келгенин билбей калдым" деп ушул күнгө чейин аталган сериалдын көрүүчүлөрү жазышууда.

Бул дорамада дизайнер кыздын бир сырдуу жигитке жолугуп калуусунан кийинки анын жашоосундагы өзгөрүүлөр баяндалат. Алардын таанышуусу да кызыктуу диалог менен башталат:
- Бул сенин машинаңбы?
- Жок. Курбумдуку.
- Ошентип эле ойлодум.
- Эмнени айткың келип жатат?
- Сен машинадай сулуу эмес экенсиң.
Кыз менен жигиттин мүнөзү башка болгону менен, балалык кезиндеги окуялары жана экөөнүн тең жетим экендиги бириктирет. Сериал 16 бөлүктөн турат жана ал өткөн аптада аягына чыкты.

Баш каармандарды Со Ин Гук жана Жоң Со Мин жараткан. Атактуулардын буга чейинки ролдоруна салыштырмалуу бул сериалдагы оюну чынында таасир калтырат. "Айрым учурда сценарий дал ушул актёр менен актрисага ылайыкталып жазылгандай туюлуп жатты. Экөөнүн тең ролго мындай берилгенин биринчи жолу көрүшүм. Көпкө чейин унута албайм" деп учурда күйөрмандар тарабынан айтылууда.


Сиз үчүн даярдалган материал кызыктуу болдубу? Учурда сиз кандай сериал көрүп жатасыз? Ой-пикирлериңизди комментарийде бөлүшүңүз.

"Кагылышуу", "Асмандан түшкөн миллион жылдыз”… Кайсы сериалды чыдамсыздык менен күтүп көрүп жатасыз?
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Farm94
2018-12-01 13:04:02
Çarpışma сериалын көріп жатар кызыктуу екен суппееер .Супер инфо телеканалдардан түрк сериалдарын интернеттен эле көчүрүп алып берип жатышат.мыйзамдуу деп айта албайм сапаты аябай начар көзөмөлдөгөн органдар барбы негизи
-2
gulka_875558
2018-12-02 00:44:21
В ожидание солнце деген ссериалдан маалымат алып бериңиздерчи? Актер менен актрисаларынан.
Дагы великолепная двойка деген сериал. Жаня чыгып жатат. Турецкий сериал экоо тең
+1
admin_superstan
2018-12-03 09:58:23
gulka_875558,
Саламатсызбы, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан