Эсиңиздеби, мурда куттуктоо кагазында "индиялык сүйүү" каалап жазгандар болор эле... Эгерде азыр деле ошол сыяктуу каттар көчүрүлүп жазылса, анда жогорудагы каалоо "кореялык сүйүү" болуп жазылса керек эле.
Корей сериалдарынын артыкчылыгы - бул махабаттын аруулугун мыкты баяндап берилишинде. Сценаристтер сүйүүнү жомокко айлантып, режиссёрлор кооз сүрөт тарткан чебердей эле иш алып барса, актёрдук курамдын берилип ойногону жашоодо да болуп жаткандай сезим тартуулап, анда жаңырган ырлар көпкө чейин плейлисттен өчүрүлбөй сакталат.
Өзгөчө абал жарыяланган аймактарда жашагандарга үйдө камалып отурганына жакында бир ай болот. Эшикте болсо жаз! Ошон үчүн жөн жатпай, төмөндө сүйүүнү баяндаган эң мыкты 10 корей сериалын көрүүнү сунуштайбыз. Мыкты сериалдар көп болгону үчүн соңку 5 жыл ичинде тартылгандан иргеп алдык. Көргөн болсоңуз, чогуу талкуулайлы. Комментарийде сиз жактырган корей дорамаларын жазып калтырсаңыз да болот.
1. "Итэвон класс"
Ондукту дал ушул быйылкы жылдын хит сериалы менен баштоону эп көрдүк. 16 бөлүктөн турган аталган дорама жалпы корей сериалдарынын тажатма болуп калган сценарийлеринин бирине да окшош эмес. Сюжет ушунчалык сизди кызыктырат, атүгүл дораманын аягына чыгып калганыңызды өзүңүз да сезбей каласыз. Кантип эле деп жатасызбы? Ушундай эле! Адатта корей дорамаларында кыздарга жигит көз салып, жактырып, сүйүүсүн билдирип, анан гана жооп иретинде жакшы көрүү сезими от алат эмеспи. Бул жерде тескерисинче. Чо И Со (актриса Ким Да Ми) аттуу өжөр кыз Пак Се Рой (актёр Пак Со Жун) деген жигитти башка сүйгөнү бар экенине, ага көңүл кош мамиле жасаганына карабай жактырып калат. Баарынан кызыктуусу - кыз сүйүүсүн билдирип, жообуна жокту укса да, анын жанында калууну чечет жана жигиттин кыялын иш жүзөгө ашыруу үчүн өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болууну туура көрөт. Ии, анан, анан эмне болот деп калдыңызбы? Өзүңүз көрүңүз. Сериалда сүйүү эле эмес, адилеттүүлүк орнотуу үчүн өч алуу, көздөгөн максатка жетүү, намыстын жана өзүнө берген убаданын ыйыктыгы, достук, ишеним тартуулоо жана башка акыркы күндөрү изсиз жоголуп бара жаткан ондогон баалуулуктар чагылдырылат.
2. "Мага тамак алып берчү эже"
Бул сериал 2018-жылы тартылган жана андан ары ушул эле сюжетке окшош бир канча дорама (мисалы, "Романтика - кошумча китеп" / "Романтика - дополнительная книга") да чыкты. Буга бир себеп - аны көрүүчүлөр жакшы кабыл алгандыгы болду.
"Турмушка чыга турган убактың келип калды" деп апасы айта берген баш каарман Юн Жин А (актриса Сон Йе Жин) бир күнү курбусунун инисине кезигип калат. Түштүк Корея өнүккөн мамлекеттердин бири, анткен менен калкы салтты бекем кармайт, алсак, аялынын күйөөсүнөн улуу болушу жат көрүнүш. "Мага тамак алып берчү эже" ("Красивая нуна, что покупает мне еду") сериалынын сюжети ушунун айланасында өнүгүп өсөт. Эжейин жактырып калган Со Жун Хи (актёр Жоң Хэ Ин) сүйүү жашка карабай турганын далилдейби же жокпу, дораманы 16-сериясына чейин көрсөңүз, анан билесиз...
Быйыл жогорудагы актриса тартылган дагы бир сериал ("Махабаттын авариялык конуусу" / "Аварийная посадка любви") хит болгонун билет чыгарсыз. Бир атактуудан бир эле долбоор рейтингден орун алсын деген максатта бул дорама тууралуу сөздү кийинкиге калтырдык.
3. "Себеби бул биринчи менин жашоом"
Кээде сериалдан деле жашоого жакындыкты каалайсың. 2017-жылы тартылган "Себеби бул биринчи менин жашоом" ("Потому что это моя первая жизнь") дорамасы дал ошондой категорияга кирет. Эч кандай жылтырак кагазга оролбогон, болгонун болгондой эле көрсөтүү. Ар бир каармандын тагдыры кайдыгер калтырбай, анысы да, мунусу да, деги баары бактылуу болсо экен деп күйүп-бышып жатып эле карасаң, сериалдын 16-бөлүгүнүн аягына келип калган болосуң... Айрыкча, 30 жашка келип, статусуңуз үй-бүлөлүү дегенге өтө элек болсо, дорама дал сиздики. Баш каарман Нам Се Хи (актёр Ли Мин Ки) жалгыздыкты жактырат, үй-бүлө курууга кызыкпайт, болгон баш оорусу - бул анын жумушу, ипотекага алган үйү жана анда жашаган мышыгы. Дагы бир каарман бул Юн Жи Хо (актриса Жоң Со Мин) - үйү жок, үй алууга акчасы да жок, жигит дегендерден көңүлү калган кыз. Сюжетин андан ары жазуунун кажети жок, көрүү керек...
Бонус иретинде, актриса Жоң Со Миндин күйөрманы болсоңуз, анын жогорудагы дорамадан кийин тартылган долбоору ("Сенин көздөрүңө катылган жылмаюу" / "Улыбка, застывшая в твоих глазах") да мыкты сериалдардын бири.
4. "Сүйүшкөндөрдүн ортосунда гана"
2017-жылы көрүүчүлөргө сунушталган бул сериал каармандарынын кейиштүү тагдырынын эсебинен оордой сезилгени менен аябай таасир калтырат. "Жашоо - бул күрөш" деп коюшат эмеспи, айрымдарды бул турмуш өтө эле ары-бери калчайт. Бирок каармандардын башынан кандай кыйынчылык өтпөсүн, керек болсо эртеңин да күтпөй калган болсо да, талкаланган жеринен кайрадан жаралууга, күл болуп күйгөн жеринен гүл болуп кайра өсүп чыгууга күч табылат. Ли Гаң Ду (актёр Жунхо) жана Ха Мун Сунун (актриса Уон Жин А) сүйүүсүнө суктангыңыз келсе, анда 16 сериядан турган "Сүйүшкөндөрдүн ортосунда гана" ("Только между влюбленными") дорамасын издеп табыңыз.
5. "Менин эч кимге айтпаган сүйүүм"
Жогоруда түрдүү сериалдар тууралуу жазган соң, бул 2017-жылы тартылган дорамага келгенде көптү жазуунун кажети жок болуп туюлат. Шыр эле кабыл алына турган жеңил сериалдардын бири. Ошонусу менен да өзүнө тартат. "Менин эч кимге айтпаган сүйүүм" ("Мой тайный роман") 13 сериядан турат. Анда Ли Ю Ми (актриса Соң Жи Ын) деген кыз Ча Жин Ук (актёр Соң Хун) аттуу жигит менен таанышып, биринчи күнү эле экөө чогуу түн өткөрөт. Баары башында эле көрсөтүлүп калгандай сезилдиби? Андай эмес. Алар ошол түндөн кийин арадан 3 жыл өткөн соң гана кокустан жолугуп калышат...
6. "Оор атлетиканын периси Ким Бок Жу"
Аталган сериал жогорудагы "Менин эч кимге айтпаган сүйүүм" сыяктуу комедия аралаш дорама. Каармандардын түрдүү жоруктарына жылмайып отуруп, былжырап ыйлабай деле сүйүү тууралуу сериал тартууга болоруна ынанасыз. "Оор атлетиканын периси Ким Бок Жу" ("Фея тяжелой атлетики Ким Бок Чжу") 2016-жылы чыккан жана 16 бөлүктөн турат. Дораманын аталышы айтып тургандай эле, Ким Бок Жу (актриса Ли Соң Кёң) аттуу спортчу кыздын тегерегинде окуя өнүгүп, кийин Жоң Жун Хёң (актёр Нам Жу Хёк) деген суучул жигит менен болгон мамилеси көрсөтүлөт. Баш каармандар ушунчалык ролун сонун аткарышкан, кийин гана экөөнүн тасма талаасынан тышкары кыз-жигит экени маалым болгон.
7. "Капкандагы быштак"
Аталган дорама "Итэвон класс" сыяктуу манганын (ред. комикс) негизинде тартылган. Ошол үчүн сюжет түрдүү бурулуштарга бай, каармандын кимиси оң, кимиси терс экенин дароо ажыратуу оор. Психологияны жактырчуларга "Капкандагы быштак" ("Сыр в мышеловке") мыкты табылга. 2016-жылы тартылган 16 сериялуу дорамада баш каарман Хон Соль (актриса Ким Го Ын) аттуу кыздын студенттик жашоосу баяндалат. Ал университеттеги жүздөгөн байкалбаган кыздардын бири. Аны дайыма көңүл борборунда болгон, акылдуу, келишимдүү жана бай жигит Ю Жоң (актёр Пак Хэ Жин) жактырып калат. Картанын баарын ачып салмай жок, сериалды көрүүнү сунуш кылабыз.
Дагы бир сериал рейтингде бир атактуунун бир долбоору эле болсун деп алынып калды. Жогорудагы актрисанын "Гоблин" деген фэнтези дорамасы да мыктылардын бири. Аталышынан жана жанрынан чочулабай эле коюңуз, убактыңызды кетиргенге өкүнбөйсүз.
8. "Ачык кызыл жүрөктөр"
Бул рейтингге тарыхый окуяны элестеткен сериалдарды кошпосок окшошпой калмак. 2018-жылы чыккан "Мистер Саншайн" дорамасын деле киргизсек, татыктуу орун аларына шек жок. Бирок 2016-жылы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн көпкө түнөк тапкан "Ачык кызыл жүрөктөр" ("Алые сердца") сериалы жогорудагы атаандашынан бир топ алдыга чыгып кетти. Хэ Су (актриса АйЮ) аттуу кыз 21-кылымдан тээ Корё доорундагы өткөн заманга барып калып, сериал андан ары баш каармандын бир канча ханзаадалардын ортосунда калгандыгы менен уланат. 20 серия бою күлөсүз, ыйлайсыз, жыргайсыз, кайнайсыз... Айтор, толтура сезимдерге бөлөнөсүз.
9. "Башка О Хэ Ёң"
Сериал О Хэ Ёң ысымдуу эки башка бийкеч тууралуу. Баса, экөө бир мектепте окуган. Кызыктын баары ушул ысымдан улам башталат, анын биринин мурдагы жигити өч алам деп, бейкүнөө эле башка бирине тузак куруп алат. Пак До Кёңду ойногон актёр Эрик Мун да, О Хэ Ёңдун бирин аткарган Со Хён Жин да жазбай ушул ролдор үчүн жаралгандай туюлат. 18 бөлүктөн турган "Башка О Хэ Ёң" ("Другая О Хэ Ён") комедиялык жанрда деп айтылганы менен бет аарчыңызды кошо ала отуруңуз.
10. "1988-жылга кайтуу"
Бул сериалдын өзгөчөлүгү - анын акыркы 20-сериясына чейин интриганын укмуштуудай чеберчилик менен сакталганында. Баш каарман Док Сон (актриса Хйе Ри) аттуу кыз эки кошуна жигиттин кимисин тандайт? Сүйө турганын биринчи болуп айтууга жетишкен Чой Тэктиби (актёр Пак Бо Гом) же ар кандай кам көрүү жана башка кадамдары менен сезими бар экенин кыйыткан Ким Жуң Хвандыбы (актёр Рю Жун Ёл)? 2015-жылы чыккан "1988-жылга кайтуу" ("Вернуться в 1988") сериалы бул үч каармандын окуясы менен гана эмес, бир көчөдө жашаган бир канча үй-бүлөнүн ынтымактуу мамилесин чагылдыруусу менен да баалуу. Биринчи сүйүүңүздү эске салгыңыз келсе, ушул сериалды көрүңүз. 20 сериянын ичинен сөзсүз бир эпизоду сиздин жашооңуздагы бир окуяны эске саларына шегиңиз да болбосун...
P.S. "Күндүн мураскерлери" ("Потомки солнца") кана деп издеп калган жоксузбу? Аталган сериалдын баш айланткан ийгилигинен кийин Соң Хйе Кйо менен Соң Жуң Ки баш кошуп, бирок күйөрмандарынын кубанычы көпкө узабай, ажырашып кеткени маалым. Бул дорама эки атактуунун бактысы да, кайгысы да болуп калды...