Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.
Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.
SUPER.KG порталынын "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген соболуна депутат Исхак Масалиев жооп берди.
Депутат атайын шайлоо мыйзамы бар экенин эске салды.
“Эгер Токтакунов жарыялаган маалыматтарын документ деп эсептесе, тийиштүү органдар текшерсин. Бирок колу жок, мөөрү жок интернетке чыгарылган кагазга кантип пикир билдире алабыз? Текшерген күндө деле атайын Шайлоо кодекси бар да. Ага ылайык, шайлоонун жыйынтыгы боюнча 1 ай ичинде арыз түшпөсө, анда иш каралбайт”, - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Айбек Мырза, эксперт Руслан Акматбек, медиа-эксперт Жылдызбек Калыгуловдун жообу бул шилтемеде.