Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.
Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.
SUPER.KG порталынын "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген соболуна медиа-эксперт Жылдызбек Калыгулов жооп берди.
Ал президенттин шайлоо кампаниясы тууралуу жарыяланган документ боюнча сөзсүз түрдө түшүндүрмө берилиши керек деген пикирин билдирди.
"Президенттин шайлоо кампаниясы тууралуу жарыяланган документ боюнча сөзсүз түрдө түшүндүрмө берилиши керек. Анткени 1,5 миллиард сомдон ашык акча каражат чоң сумма болуп саналат. Эгер айтылып жаткан каражат чын болсо, анда маселе оорлошуп өлкө башчынын беделине шек кетип калышы толук мүмкүн. Жөн эле "фейк" аркылуу президентти жамандап жатышса мыйзам алдында тиешелүү адамдар жооп берүүсү керек болуп калат. Мамлекетте күчтүү оппозиция жана күчтүү жарандык коом түзүлүп калса, бийликти алсыратып коёт. Ошондуктан бийлик мындай нерсеге олуттуу карап өз учурунда жообун бериши керек. Азыр эл мурдагыдай эмес. Элди толкутуп алса, иш чатак болот. Мындай жагдайдан бийлик бир гана далил жана расмий документтин негизинде чыга алат. Башка жол жок... Эгер чындыгында жогорудагы шайлоо кампаниясына кеткен каражат далилденип калса, шайлоо мыйзамсыз өткөнүнө далил болуп калат да, элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголот. Элдин ишеними жоголсо, бийлик ким үчүн иштейт? Экс-президент Алмазбек Атамбаев да коомдо абдан курч сөз жаратты. Буга азыркы өлкө башчы же анын тиешелүү өкүлү жооп бериши керек. Себеби шайлоо кандай өткөнү тууралуу элде эки башка ой жаралып калды. Жөнөкөй кишиге маани берилбей кала берет, бирок экс-президент катары Атамбаевдин коомдо орду чоң. Мунун арты менен күчтүү оппозиция жаралып калса, президентке "импичмент" жарыялап коюуга шарт болуп калат", - дейт Калыгулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Исхак Масалиев, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Айбек Мырза, эксперт Руслан Акматбектин жообу бул шилтемеде.