Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.
Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.
SUPER.KG порталынын "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал бийликке болгон элдин ишенимин кайтаруу үчүн президент мамлекет үчүн чечкиндүү реформа жасашы керек дейт.
"Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо кампаниясына сарптаган каражат тууралуу көрсөтүлгөн документте мөөр жок экенин айтышууда. Мисалы, чет өлкөдө мамлекеттик кызматта отурган кызматкерге шек жаралса, алар үчүн уят, "мен мындан ары кантип иштейм" деп жумуштан кетип калгандар да бар. Ал эми биздин президент өзүнө каршы айткандар менен акыйнек айтышкан жок, бул жакшы көрүнүш. Бирок өлкө башчыга кошоматчылык кылып, шайлоо кампаниясына кеткен чыгым көрсөтүлгөн документте мөөр жок деп кыйкыргандар арбын. Президентке жакшы көрүнөйүн дегендин баары Атамбаевдин учурунда дагы кудум ошондой болушкан. Жээнбековдун бийлиги кеткенде башкага ооп кетишет. Анткени бирөөгө кошоматчылык кылуу алардын кесиби болуп калган.
Болор иш болду, муну эми коомчулук кандай кабыл алары башка маселе. Бирок коомчулук деле кайдыгер мамиледе болуп калгандай. Мындай учурда жарандык коом бизди сатып алып жаткан турбайбы деп кыялыбызды бийликке көрсөтүп коюшубуз керек эле. Тилекке каршы, сатылып жатканыбызды баарыбыз билебиз, тескерисинче, шайлоо маалында канча берет экен деп өзүбүз күтөбүз.
Ак эсепчи, кара эсепчини элдин баары билди. Бийликтин бетине чоң бир чиркөө болду. Мындан ары президент мамлекет үчүн чечкиндүү реформа жасап кетүүсү зарыл. Бирок президенттин шайлоо кампаниясына миллиарддаган акчалар бекер келген жок, анын дагы кайтарымы бар. Кайтарымы бар нерсенин артынан президент реформа жасай алабы деген суроо жаралат", - деди Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Исхак Масалиев, медиа-эксперт Жылдызбек Калыгулов, жарандык активист Айбек Мырза, эксперт Руслан Акматбектин жообу бул шилтемеде.