Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.
Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.
SUPER.KG порталынын "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген соболуна эксперт Руслан Акматбек жооп берди.
Ал президенттик шайлоо кампаниясына кеткен каражат мамлекет үчүн коркунучтуу. Бул иш аягына чейин изилдөө керектигин айтты.
"Президенттин шайлоо кампаниясына кетирген чоң суммадагы каражаты мамлекет үчүн коркунучтуу жагдайды жаратып койду. Эртең деле шайлоо болсо мындай көрүнүштөргө күбө болушубуз толук ыктымал. Анткени мурда жасалган ишти кийинки келе турган бийлик сөзсүз кайталайт. Болор иш болду деп таштап койбой, бийликке келгенден кийин жасаган иштери боюнча жооп беришин талап кылганды үйрөнүшүбүз керек. Мындан кийин да жаман көрүнүштөр боло турган болсо, бардык шайлоонун легитимдүүлүгү, талапкерлердин иши дайыма талкууланат жана чыр менен коштолот. Юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган документти эч ким четке кага алган жок. Ал жерде реалдуу аттар жана реалдуу сумма болгондон кийин адилеттүүлүк болбосо да президент адилеттүүлүктү издемиш болуп коюшу керек. Бирок иликтеп аягына чыгаруу зарыл. "Мен көргөн жокмун, билген жокмун" деген менен иш бүтпөйт. Саясатчы Адахан Мадумаров айткандай, элдин ишенимин кайтаруу керек, ал "таза шайлоонун негизинде өтөт" деп айтканына толук кошулам. Шайлоо менен президенттик такты 24 миллион долларга сатып алса болот деген жыйынтыкка келип калып жатабыз. Кыргыз өлкөсүндө бардык нерсе сатылат турбайбы деген ойду жокко чыгаруу керек. Мыйзамды көзөмөлдөгөн укук коргоо уюмдары, көз карандысыз сот бийлиги өзүнүн ишин так жасашы керек. Ошондо гана мамлекетте тартип орнойт", - деген пикирин Руслан Акматбек билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Исхак Масалиев, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Айбек Мырза, медиа-эксперт Жылдызбек Калыгуловдун жообу бул шилтемеде.