Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева 1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин эл аралык байланыштар адистиги боюнча, 2003-жылы Улуу Британиянын Бристолдук университетинин эл аралык байланыштар адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айынан баштап "Кыргызстан ишкерлер союзунун" аткаруучу директору болуу менен баштаган.
2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.
2006-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын август айына чейин "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
23-ноябрдын жылнаамасы.