Жарандык активист Адил Турдукулов президенттин бир жылдык иши боюнча: "Кадрдык маселе дагы деле суроо бойдон калууда"

Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал президенттин бир жылдык ишин мурунку президент менен салыштырып айтып берди.

"Бизде жаңы келген президентти мурунку президент менен салыштырган адат бар. Биринчиден, ал мурунку президентке караганда бүт саясий күчтөр менен ачык диалог түзгөнгө аракет кылганы кубандырат. Экинчиден, өзгөчө тышкы саясатта коңшу мамлекеттер менен мамилени турукташтырып саясат жүргүзгөнү деп айтсак болот. Үчүнчүдөн ал коррупцияга каршы күрөшүү ишин баштады. Бирок ошол коррупцияга каршы күрөшүү канчалык негизде саясий өңүттө болбой, чыныгы коррупциялык схемалар бузулабы же бузулбайбы, бул дагы деле суроо бойдон. Төртүнчүдөн, аймактык балансты түзүүгө аракет жасаганы жакшы иш болуп саналат. Бешинчиден, массалык маалымат каражаттарына карата жеңилдетүү, доо арыздарды алып, сөз эркиндигине системдик басым болбогону жакшы жөрөлгө.

Кадрдык маселелер дале суроо бойдон калууда. Айдоочу же жан сакчылар орчундуу орунга коюлган жок. Бирок кээ бир дайындоолор ачык эмес жана түшүнүксүз болууда. Мисалы, Ош жана Бишкек шаарынын мэрлеринин шайланышы. Ош шаарынын мэри Орус жараны экени айтылды. Мисалы, Кубанычбек Кулматов түрмөдө отурат, ал эми бул кадр эмне үчүн мэр болуп отурганы түшүнүксүз. Шаардык кеңештер үстүнөн түшкөн буйрукту кынтыксыз аткарып Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашовди мэр кылып шайлаганы чоң суроо туудурат. Жергиликтүү бийликтин өз күчүнө таянып, өз саясатын жүргүзгөнгө кудурети жетпегени өкүнүчтүү. Бул дагы системдик реформаларга байланыштуу. Эгерде системдик реформалар болбосо ушундай боло берет", - деди Турдукулов.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Нарын Айып, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан