Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев президенттин бир жылдык иши боюнча: "Коррупцияга каршы күрөшүүдө ЖЭБге байланыштуу адамдар гана камалып жатканы эсимде калды"

Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал Бишкек ЖЭБиндеги авария эсинде калганын айтты.

"Эсимде калганы бул Сооронбай Жээнбековго байланыштуу эмес, Бишкек ЖЭБиндеги авария. Ошол авариядан буга чейинки бийликтин өкүлдөрүнүн баарынын коррупцияга баткандыгынын бети ачылып калды. Мына ушундан баштап Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда карама-каршылык өрчүдү. Ошого күнөөлүү деп мурунку президенттин куйруктары камалып кетти. Сырттагыларга президент көп деле тийишпей, ЖЭБге тиешелүү адамдар камалып жатат. Көзгө көрүнөлөрлүк иш ошол болду, андан башка жыргаткан эч нерсени көргөн жокмун. Инвестициянын келиши 30 пайыз кыскарды деп айтып жатышат. Ал канча экенин так билбейм. Анткени Кыргыз мамлекетинде инвестиция келип жатабы же насыя келип жатабы жарыяланбайт", - дейт Чолпонбаев.

Коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Нарын Айып, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, жарандык активист Адил Турдукулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан