Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.
SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна Экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов жооп берди.
Ал президент өлкөдөгү көйгөйлөрдүн кайсынысын биринчи кезекте чечүү керектигин аныктап алган жок деген пикирин айтты.
"Президент Сооронбай Жээнбеков мурунку президент сыяктуу эле өлкөнү кантип башкарса боло турганы жөнүндө айтып бере алчу Кыргыз элитасынын үнүн уга алган жок. Мындан сырткары “Кумтөр” маселесин чечүүгө батына албай жатат. Бул адамдарды кыжырлантат. Ал тез арада алдамчылык жол менен чет элдик компанияларга берилип кеткен 39 алтын кенинин маселесин карап чыгышы керек эле. Алардын ичинде Кеминдеги Талды-Булак, Таластагы "Жер-Үй", Чаткалдагы Иштамберди, Терек-Сай, Ала-Букадагы Бозумчак, Кара-Буурадагы Жамгыр, Шыралжын кендери бар. Бул көйгөйлөрдү чечүү менен ал элден колдоо тапмак. Бирок биз муну көрө элекпиз. Ал бир жыл аралыгында Атамбаев менен болгон көйгөйлөрүн чечүү аракетинде болду. Жарды бюджеттин маселесине кайрылган жок. Ал бюджетти өлкөгө жетиштүү деп эсептеген. Бирок постсоветтик өлкөлөрдүн арасында Кыргыз бюджети жарды болуп келет", - деди Мамбетов.
Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Нарын Айып, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.