Жеңиш Молдокматов: "Президент "балп" этме эмес, оор басырыктуу жүрүм-туруму менен жакшы маданиятты көрсөттү"

Былтыр, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жооп берди.

Ал бийлик бутактарын баалоонун алдында Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде баа берип алуу керектигин айтты.

"Бийликти баалоонун алдында Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде баа берип алышыбыз керек. Биздин Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары тышкы саясатка тийиштүү. Демек, тышкы саясат боюнча жагдайды билебиз. Ал эми жарандык коомду мурункудай оппозиция, позиция деп бөлбөй, бардыгын бирдей чакырды. Мындан тышкары экс-премьер-министрлер жана экс-төрагалар менен президенттин жолукканы жакшы жөрөлгө болду.

Ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн башаты башталды. Эми аягына чыгарып, камакта жаткандардын жообун бериши керек. Аларды актап чыгаруу керек же соттош керек. Жыйынтыгында коррупция менен күрөш саясий куугунтукка айланып кетпеши зарыл. Президент жаңы саясий маданиятты көрсөтө алды. Тактап айтканда, "балп" этме эмес, оор басырыктуу жүрүм-туруму менен жакшы маданиятты көрсөттү. Эң орчундуу Борбор Азиядагы демократиялык аралча деп аталганга байланыштуу сөз эркиндигине басмырлоодон алыс болду. Мурунку бийликтен запкы жеген, куугунтукталган жана миллиондорго жыгылган журналисттердин соттору жакшы деңгээлде жана адилеттүү каралганы жакшы иш деп эсептейм", - деди Молдокматов.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, журналист Нарын Айып, жарандык активист Адил Турдукулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан