Журналист Нарын Айып: "Жээнбековдун бир жылынын жарымынан көбү Атамбаевге каршы күрөшүүгө кетти"

Былтыр 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында орун алган. Ал кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылган.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун бир жылы эмнеси менен эсиңизде калды?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбековдун реформалары жай жүрүп жатканын айтты.

"Жылынын жарымынан көбү Атамбаевге каршы күрөшүү менен өттү. Президенттин коомдук уюмдар менен жолугушуп жатканы жакшы. Кээ бир сотторду кызматтан алып, кылмыш иштерин ачты. Биринчи жылында эле Жээнбеков Бириккен улуттар уюмунун жыйынына барып келди. Атамбаев болсо кызматтан кетеринде 1 жолу барган. Бирок бийликтен кетип жаткан адам менен эч ким сүйлөшпөйт да. Сотторду тазалаганы жакшы. Бирок жалпы жараян жай жүрүп жатат. Эски бийлик бардык жерде Жээнбековго бут тосууда. Мартка чейин такыр эле иштеткен жок. Сапар Исаков премьер болуп туруп президент бошоткон Болот Сүйүмбаевди кеңешпестен башка кызматка койду", - деди Нарын Айып.

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, жарандык активист Адил Турдукулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан