"Камаш керек". Курултайда Түлеев Атамбаев менен учакта түшкөн селфи тууралуу түшүндүрмө берди

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кырыз драма театрында курултай өттү. Анда бир катар саясий уюмдардын мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, активисттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкектин экс-мэри жана парламенттин экс-депутаты Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учакта түшкөн селфи тууралуу түшүндүрмө берди.

"Атамбаев менен учакта маңдай-тескей отуруп калдым. Бүгүн курултайда айтылган сындардын баарын мен ага 3,5 сааттын ичинде шашпай айтып бердим. Мен "акыры камаласың" дедим, ал "макул" деди. Ал киши камалууга даяр экен. Атамбаевди камаш керек", - деди Түлеев.

Бул учурда залдан Түлеевдин дарегине кыйкырыктар чыгып, "Атамбаевдин адамы" деген сөздөр айтылып жатты.

Мындан тышкары Түлеев учакта Атамбаевге: "Сенин айыңдан Садыр Жапаровдун атасы каза болду. Ошонун жайына барып, кечирим сурап, куран окутмайынча, сени эч ким кечирбейт", - деп айтканын билдирди.

"Мен Сооронбай Жээнбековдун колун өмүрүмдө кармаган эмесмин. Бирок ошол киши кыргыз элин сатпай, өзүнчө президент болушуна макул болушубуз керек. Биз ага 2020-жылга чейин убакыт берип, колдоп беришибиз зарыл", - деп чакырды Түлеев.

22-октябрда Нариман Түлеев учакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Бул сүрөт коомчулукта кызуу талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан