"Бүгүн, 24-ноябрда Орусиянын Сочи шаарынын негизделген күнү белгиленип жатат" деп окурман WhatsApp аркылуу байланышка чыгып маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, шаар күнүнүн майрамдык салтанатына карата калаадагы ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүгүн, улуттук ыр-бийин тартуулашты.
"Анын арасында Кыргыздын Сочидеги диаспорасы да өздөрүнүн демилгеси менен салтанатка катышып, кыргыз даамын, көз жоосун алган улуттук буюмдарын тартуулашты. Мындан тышкары келген конокторго кыргыздын маданиятын камтыган ыр-бийлер көрсөтүлүп, эки улут ортосундагы ынтымакты мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзүштү", - деп маалымдады порталдын аталган шаардагы окурманы.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.