"Мен ушул жылдын 21-ноябрь күнү Ош шаарынан Москва шаарына учкам. Өзүм менен чогуу бир жашар иним бар эле. Ош шаарындагы аэропортто иним жалаягын булгап койгондуктан, аны тазалоо үчүн эне-бала бөлмөсүн издеп таппай койдум", - деп окурман "Элдик кабарга" жазды.
Анын айтымында, аэропорттун кызматкерлеринен эне-балага арналган бөлмөнү сураштырып, бирок "андай бөлмө жок" деген жоопту уккан.
"Мындан улам элдер топтолуп отурган, суук залда инимдин жалаягын алмаштырууга аргасыз болдум. Алмаштырып жатсам мекеменин ичин жууп-тазалаган кызматкерлер келип "Залды сасытып жибердиңер" деп жемелеп кетишти. Менден башка дагы балалуу аялдар бар болчу. Алар да жүдөп жатканын көрдүм. Ушундай ири аэропортто эне-бала бөлмөсүнүн жок экенинен шегим бар, балким, мен жообун уккан кызматкерлер өздөрү анын бар экенин билбейт", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.
SUPER.KG порталы бул билдирүү боюнча тиешелүү тараптын маалыматын угуп, жарыялоого даяр.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.