Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сугат жерлери тууралуу маселе каралат

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтөт.

Жыйында беш мыйзам долбоору каралат.

1. Бириктирилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралат. Анда баяндаманы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жасайт.

2. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралат. Жыйында баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жасайт.

3. "Расмий статистика жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралат. Баяндамачы Жогорку Кеӊештин депутаты Мурадыл Мадеминов.

4. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн республиканын жер фондусун инвентаризациялоонун абалы жөнүндө", Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы тууралуу баяндаманы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жасайт.

5. "ЕАЭБ боюнча милдеттенмелердин аткарылышы алкагында Республикада карантиндик, фитосанитардык контролдун абалы жөнүндө" комитеттин 2017-жылдын 27-ноябрындагы, "2017-жылдын жыйынтыктары боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин иши жана андан ары өнүгүүнүн келечектери жөнүндө" маалыматы тууралуу 2018-жылдын 5-мартындагы" чечимдердин аткарылышы боюнча айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги баяндама жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан