Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Ташкент шаарында 2016-жылдын 24-июнунда өткөн ШКУнун алкагындагы саммитте Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан Кыргыз Республикасын ар түрдүү багыттардагы долбоорлорду каржылоого, анын ичинде заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жана жабдууга даярдыгы айтылган. “Долбоордун болжолдуу наркы 19-20 миллион долларды түзөт. Вице-премьер-министрдин 2018-жылдын тапшырмасы менен лаборатория куруу үчүн 3 жер тилкеси каралып, 2 жер тилкеси жактырылган. Лаборатория толугу менен гранттык негизде курулат”, - дейт Керималиев.