Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Айтмамат Назаров Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевди суроолорго туура жооп берүүгө чакырды.
“Кытай тарап акча берип жаткан үчүн лаборатория курганы жатабыз" деп жооп берген туура эмес. Лаборатория куруу зарыл болгон үчүн бул мыйзам долбоорун алып келдик деп айтышыңар керек. Аларга техникалык тапшырманы биз беришибиз зарыл. Кытай тарап бул жерге кожоюн болбошу кажет. Аларды грант берип жатат деп башыбызга чыгарып алган болбойт”, - деди Назаров.
Керималиев бул боюнча эске алына турганын айтты.
Жыйынтыгында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде аталган мыйзам долбоору колдоо тапты.