Бүгүн, 26-ноябрда парламент комитетинде ЕАЭБ боюнча милдеттенмелердин аткарылышы алкагында фитосанитардык көзөмөлдүн абалы жөнүндө маселе жабык каралууда.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмасбек Акматов SUPER.KG порталына билдиргендей, мамлекеттин коопсуздугу үчүн бул маселе жабык эшик артында каралып жатат.
Учурда жыйын уланууда. Баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жасап жатат.