ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев 51 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев 1967-жылдын 27-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1992-жылы Москвадагы А.С.Скрябин атындагы ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн.

1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн;

1992-1995-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;

1995-1997- жылдары Кара-Буура районундагы "Токчулук" дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген;

1997-1998-жылдары Кара-Буура районундагы "Кол кабыш" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болгон;

1998-2005-жылдары Талас облусундагы "Кутман Ордо" фермердик ассоциациясынын төрагасы болуп эмгектенген;

2005-2010-жылдары Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген;

2010-жылы октябрда "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

27-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан