Бишкек шаарынын мэриясына бир жуманын ичинде 520 арыз жана кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул арыз жана кайрылуулар 19-ноябрдан 25-ноябрга чейин түшкөн. Алардын катталганы 178 кайрылууну түзөт. Кайрылуулардын кѳпчүлүк бѳлүгү сурап-билүү иретинде болгон. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана так даректери менен кабыл алышат.