Депутат Тиллаев Кытайдагы этникалык кыргыздар кармалып жатат деген маалыматка көңүл буруу зарылдыгын айтты

Депутат Таабалды Тиллаев Кытайдагы этникалык кыргыздар кармалып жатат деген маалыматка көңүл буруу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Кытайдагы этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү тууралуу өкмөт маалымат бериши керек. Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Парламент өзүнүн сөзүн айтпай жатат деп коомчулук тарабынан нааразычылыктар болууда", - деди Тиллаев.

Депутат Исхак Масалиев: "Этникалык кыргыздар биздин жарандар эмес, Кытайдын жараны. Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинен маалымат угуу керек", - дейт.

Тиллаев: "Бири-бирибиздин сөзүбүзгө комментарий бербесек" деди.

Коомчулукта Кытайдан этникалык кыргыздар камалып жатат деген маалымат талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан