Эмилбек Каптагаев: "Бийликте жаңы ажыдаардын чыгышына жол бербешибиз керек"

24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өткөн. Бүгүн, 27-ноябрда анын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өтүп жатат. Ага Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Айбек Бузурманкулов катышууда.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Азимбек Бекназаров "Биз Жээнбеков тарапка өттүк деп чечтик", - деп билдирди. Ал эми Эмилбек Каптагаев бийликте жаңы ажыдаардын чыгышына жол берилбеши керектигин айтты.

"Атамбаев бийликти узурпациялап алды. Ал бийликке келгенде ажыдаарга айланбаш керек деп көп айтчу. Биз эми дагы бир ажыдаардын чыгышына жол бербешибиз керек. Курултайда көтөрүлгөн маселелерди бийлик укту. Анда түрдүү маселелер айтылды", - деди Каптагаев.

Айта кетсек, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы курултай өткөн.

Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышты. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров,Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар болду. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев, Курманкул Зулушев курултайга келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан