Бүгүн, 27-ноябрда парламент комитети депутат Эрмамат Тагаевди Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына киргизүү чечимин колдоду. Эми бул чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Эрмамат Тагаев мурунку депутат Аскарбек Шадиевдин ордуна келген.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйыны уланууда.