"Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевден мурдагы өкмөт башчылардын эмне айырмасы бар?" -деди бүгүн, 27-ноябрда Азимбек Бекназаров "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" аталышында өткөн курултайдын жыйынтыктары тууралуу өтүп жаткан маалымат жыйында.
"Чыңгышевден тарта Абылгазиевге чейин камап койсо болот да. Алардын баары келишимдерде өлкө кызыкчылыгын колдогон эмес. Жээнбековдун коррупциялык күрөшүн сындадым. "Сеники партизандык күрөш болуп жатат" дедим докладымда. Биз Атамбаевди эле эмес, баарын сындадык. Ачуу чындык айтылды", - деди Бекназаров.
Айта кетсек, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өткөн. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".
Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышты. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров,Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар болду. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев, Курманкул Зулушев келишкен.