Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Башкы прокуратура УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге билдирди.

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде "Белизгейт" боюнча маселе жабык эшик артында каралды.

Шыкмаматовдун айтымында, жыйында Сегизбаевге кылмыш иши козголбогону боюнча башкы прокурордун орун басары билдирди.

"Ата Мекен" фракциясы сентябрь айында Башкы прокуратурага "Белизгейт" тууралуу Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылган. Эми кылмыш иши козголбогонун билдирип жатышат. Абдил Сегизбаев 6 миллион жарандын алдында жасалма документтерди пайдалануу менен кылмыш жасаган", - дейт Шыкмаматов.

2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан