Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Расмий статистика жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жана бул жааттагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.
Демилгечи депутаттардын бири Мурадыл Мадеминов аталган мыйзам долбоорунун максаты улуттук статистиканын системдүү жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу болуп саналарын билдирди.
"Расмий статистиканы так чыгаруу менен коомчулуктун расмий статистикага болгон ишенимин бекемдөө керек. Ошондой эле Кыргыз мамлекетиндеги статистика жаатындагы мыйзамдарды Бириккен улуттар уюмунун расмий статистика жаатындагы баштапкы принциптерине толук дал келтирүү негизги максаттарыбыздын бири”, - деп белгиледи Мадеминов.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Улуттук статистика комитетинин маалыматтары өкмөт тарабынан толук пайдаланылбай жатканын белгилеп, бул жаатта тиешелүү иштерди жүргүзүү керектигин айтты.
"Расмий статистикалык маалыматтар жарыяланганы менен анын себебин көрсөткөн далилдер толук чагылдырылбай жатат. Эсептөө менен менен гана чектелбөө керек", - дейт Сурабалдиева.
Комитет жыйынында айтылган сунуштарды эске алуу чечими менен мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.