Жарандык активист Адил Турдукулов: "Кошоматчылар буга чейинки президенттерди аңга түшүрүп кеткен"

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал президент кошоматчылардан арылышы керек деп эсептейт.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктаж эмес, тескерисинче, ал кошоматчылардан арылууга аракет жасашы керек. Анткени бул анын өзүнө керек. Себеби ошол кошоматчылар мурдагы президенттерди аңга түшүрүп кеткен. Алар президент ката кылса дагы "туура жолдо баратасыз" деген сөздөрү менен адаштырган. Президент оппоненттерине кара пиар жүргүзүп, камап, куугунтуктагандыктан өлкөдө 2 жолу революция болуп, буга чейинки президенттер да жаман атка конгон. Ошондуктан президент кошоматчылардан арылууга муктаж. Курултай боюнча айта турган болсок, Дүйшөбаев, Каптагаев, Бекназаров мурдагы бийликти өздөрү алып келишкен. Эми ага сын-пикир айтып, жамандоо туура эмес деп ойлойм. Оппозиция сөзсүз түрдө керек. Конструктивдүү оппозициянын жоктугу өлкөдө демократиянын жок экенин аныктайт. Ошондуктан 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликчил да оппозициячыл да партиялардын жеңиши туура болот эле деп ойлойм", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан