Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.
SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?" деген соболуна укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди.
Ал президент оппозицияга муктаж деген пикирин билдирди.
“Бийликке чыныгы, эч кандай жаман иштерге малынбаган оппозиция керек. Анткени алар жакшы сунуштарды берет. Мурун бийликте жүрүп эч нерсени кыйрата албагандар эмне сунуш бере алат? Жакында өткөн курултайдын уюштуруучулары оппозиция эмес. Алар бийликте болгон. Биздин мамлекетти ушундай деңгээлге жеткиргендер кимдер? Мен эмесмин да. Курултай Жээнбековго кошомат катары уюштурулгандай эле көрүнүп жатат”, - дейт Өмүралиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартованын пикири бул шилтемеде.