Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.
SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.
Ал оппозиция бийликти сындап турса, баланс сакталарын айтты.
“Кошоматчылар толтура. Ачык сөздөрдү айтып, сындаган оппозиция дайыма керек. Анткени оппозиция гана бийликке баланс жасап бере алат. Бийликтин ичинде баланс болбой жатат. Бир жыл өттү. Баары түшүнүксүз. Ар кандай жумушчу топтор түзүлгөн. Ишке кирип жаткан долбоорлордун жыйынтыгы кандай болорун көрөбүз. Маанилүү маселелер дегенде негизи баарыбыз азыр Бишкектеги кара түтүн жөнүндө сүйлөшүбүз керек. Ушул көйгөйдү чечүү керек. Канча адам жапа чегип жатат. Бийликке ушундай маселелерди жеткириш керек”, - деди Ошурахунова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Рита Карасартова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.