"Инвестор тартуу үчүн мамлекет туруктуу саясат жүргүзүү керек" дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси

Кечээ, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Эл аралык ишкерлер кеңеши менен биргеликте тоо кен өнөр жайынын азыркы абалы, көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдорун талкуулаган тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, тоо кен тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулаган жыйында эл өкүлү Кожобек Рыспаев аталган тармакты мамлекет колдоого алышы керектигине токтолду.

"Тегерек столго тоо кен тармагындагы ири ишканалардын жетекчилери катышууда. Алардын берген суроолоруна өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү дароо жооп берип, маселени чечүү жолдорун карап жатабыз. Маселен, бул тармакта экология, салык маселелери, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен инвесторлор ортосундагы пикир келишпестик жана башка ушул сындуу көйгөйлөр бар. Өкмөт ишкерлерди колдоого алып, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүүсү керек. Жогорку Кеңеш да маселени чечүүдө мыйзам чыгаруу багытында көмөктөшөт", - деди депутат Кожобек Рыспаев.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков, чет элдик ишканалардын көбү укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан орунсуз текшерүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты. "Инвестор тартуу жана келген инвесторлорду качырып албоо үчүн мамлекет туруктуу саясат жүргүзүү керек. Эң ириде салык саясатын жөнгө салуубуз абзел", - деди.

Эске сала кетсек, тегерек столдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, документти ЖКнын тармактык комитети жактырган соң, тапшырма катары өкмөткө жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан