Депутат "Чек арада иштегендерге туристтерге жакшы мамиле кылганды үйрөтүп койгула" деди

Акыркы учурда туристтердин басымдуу бөлүгү тоо туризмине келүүдө. Өткөн жылга салыштырмалуу жалпы туризм тармагында 15 пайызга өсүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдирди.

Жыйында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков "терроризм, экстремизмди айтып мыйзам долбоорун колдобой койгонго болбойт. Анткени коопсуздукту текшере турган мамлекеттик кызматтар бар", - дейт.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев: "Визасыз режимге мөөнөт коюп, инвестициянын келечегин токтотуп коюп жатабыз. Ошондуктан визасыз режимди мөөнөтсүз киргизүүнү колдойм", - деди.

Депутат Жанар Акаев "Грузия сыяктуу Кыргыз мамлекети ачык болушу керек. Экстремизм, терроризм деген шылтоо" деп айтты.

Мындан тышкары Жанар Акаев чек арага тил билген кызматкерлерди дайындоо керектигин айтып "туристтерге сылык мамиле кылганды үйрөтүп койгула" деген сунуш берди.

Жогоруда айтылган сунуштарды эске алуу менен аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан