Депутат Ирина Карамушкина: "Бийликтин үч бутагы бардыгына таасир этүүчү адамга багынууну улантып жатат"

Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.

SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди. Ал коомчулук бийлик бутактарынын функцияларын түшүнүп баратканын айтты.

"Мамлекетти башкаруу системине демократиялык нормаларды киргизүү жакшы жыйынтыктарга алып келди: сөз эркиндиги, бийликти сындоо мүмкүнчүлүгү, мамлекеттик аппараттын жана соттордун ачык-айкындуулугу. Бирок ошол эле учурда терс жыйынтыктар да бар: башкаруунун авторитардык ыкмалары жана жетекчи келесоо болсо да ага баш ийдирүү. Мунун кесепетинен органдардагы прогрессивдүү кызматкерлерден демилгелер жок болуп калды, жумушсуз калуу коркунучу жаралды, эки жүздүүлүк пайда болду. Бийликтин үч бутагы бардыгына таасир этүүчү адамга багынууну улантып жатат. Бирок элибиздин бир бөлүгү бийлик бутактарынын мыйзамдуу функцияларын түшүнүп, алардын аткарылышын талап кылып жатканы жакшы көрүнүш. Жогорку Кеңеш дагы өкмөткө дайыма тапшырма берип, урушуп келүүдө. Депутаттар парламенттик, президенттик бийликтин шарттарында өлкөнүн жана элдин өнүгүүсү үчүн жооптуу экенин дале түшүнбөй жатышат. Демократияны колдоо үчүн өлкөгө келип жаткан гранттык акчаларга бардык бийлик бутактарына сапаттуу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү керек”, - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчилер Марс Сариев жана Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан