Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.
SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна саясий серепчи Марс Сариев жооп берди. Ал бийликтеги тең салмактуулуктун жоктугуна бийликке келүү схемасы да себеп экенин айтты.
"Бийлик бутактары парламент да, өкмөт да азыркы учурда кризисте. Бийликти тең салмактуулукка келтирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул кризис. Абалдын курчуп кетиши президенттен көз каранды болот. Парламенттеги депутаттар кайсы схема менен келишкен? Партиялык тизмеден улам ушундай кырдаал болуп калды. Мында татыктуу кишилер депутат болбой, акчасы көп адамдар депутат болуп калышкан. Ошон үчүн парламент өз ишин жакшы аткара албай кризиске кептелип калды. Өкмөт парламенттик квота менен куралат. Партиялык квота менен келген туура эмес экен. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз эле калды. Өзгөрүү болбойт го. Эми баары жаңы парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Эки жылда дагы даярдык менен алек болушат", - деди Марс Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.