Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.
SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди. Ал бийлик бутактары башка конфликттер менен алек болуп, экономикага көңүл бурбай жатышканын белгиледи.
“Бийлик бутактарынын ар биринин аткара турган иштери жазылуу, баары өз функциясын билет. Мурунку премьер Сапар Исаковдун долбоорлору жакшы болчу. Бирок алар ишке ашпай калды. Балким, азыркы премьер ушундай нерседен коркуп жай иштеп жаткандыр. Депутаттар көбүнчө Атамбаев менен конфликт болуп, экономикалык жакка көңүл бурбай жатышат. Курултайда парламентке начар баа берилгени туура болду. Парламенттик өлкөдө парламент башкарышы керек да. Алар президент эмнени айтса ошону аткарышууда. Бийликке, парламентке өзүнүн бизнесин коргогондор келип жатат. Парламенттин баркы жок болууда. Негизи иштеп жатышат, бирок эл үчүн жаңылык болбой, көрүнбөй жатат”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчи Марс Сариевдин пикири төмөнкү шилтемеде.