Исхак Пирматов: "Баалуу кагаздарга судья тарабынан арест салынышы туура эмес"

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорун каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров алып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул ченем жабыркаган тарапты жана мамлекетти эске алып, алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн киргизилген. Анткени баалуу кагаздардын наркы, жабыркаган тарапка келтирилген зыянын жаппайт.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов "баалуу кагаздарга судья тарабынан арест салынышы туура эмес, баары соттун чечими аркылуу болушу керек", - деп белгиледи.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо тиешелүү берене өзгөртүлүп келиши керектигин кошумчалашты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан