"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар орнотуу менен жол бузуу эрежелери азайышы мүмкүн. Бирок буга чейинки жол эрежелерин бузуу себептери айтылбай жатат". Мындай пикирин бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов айтты.
Ал акыркы жылдары айдоочулук күбөлүк көп сатылып, жол кырсыктары тез-тез катталып жатканын айтты.
"Жол кыймылын көзмөлдөө кызматкерлери айдоочуларды токтотуп, жол эрежелеринин белгилерин сураса, 10 суроонун бирөөсүнө араң жооп айтышат экен. Бул айдоочулук күбөлүктү көпчүлүк сатып алып жатканынан кабар берет", - дейт депутат.
Нышанов: "Жол жээгине мыйзамсыз токтотулган унааларды алып кетүүдө жаңжал чыгат экен, эмне себептен тартиптүү, таза иш кыла албайбыз?"
Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жакында мыйзамсыз иштердин баарына бөгөт коё турган долбоор ишке кире турганын айтты.