Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Акылбек Жапаров орус тилдүү басылмалар жаман маалыматтарды жазбасын деген талап койду.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекетине келе турган туристтер өлкө жөнүндө маалыматты алгач интернеттен алат.
"Орус тилдүү интернет басылмалардын терс маалыматтарды жазуусуна бөгөт коюш керек. Анткени келе турган туристтерди жакшы жагыбыз менен гана тарта алабыз. Чыр-чатактын баарын жаза берсек, ким келмек эле. Келе турган конок өз коопсуздугун ойлойт. Эгер туристтердин санын көбөйткүбүз келсе, бардык жактан мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек", - деди депутат.