Депутат Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясына жетекчилердин ордун карап көрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бир облустан экинчи облуска мал сатылууда. Канчалаган мал союлуп жатат. Бирок көзөмөл жок. Ушундай көрүнүштөр аталган инспекцияда болуп жатат. Инспекцияга акча каражаттары бөлүнүп адистер окутулду. Бирок иш жүрбөй жатат. Экинчи этап боюнча кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлүшү керек эле. Эмне үчүн бул иш башталбай жатат? Протоколдук тапшырма берип, ушул маселеге көңүл буруп койсок. Жетекчилер иштебесе жаңы башчыларды алып келели", - деди депутат.