Парламентте Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркуловдун ортосунда пикир келишпестик жаралды

“Кандай себептен улам КСДП партиясынын лидери менен баарлашуудан баш тартып жатасыздар?” деп бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина фракциялаштарына кайрылды.

“Кечээ "КСДП Атамбаевсиз” деген жыйынына барып таң калдым. Эмне себептен мындай иштер жүрүп жатат? Аталган партия Алмазбек Атамбаевдин арты менен өнүккөн. Муну силер чачыратып жок кылууну ойлобой, кааласаңар башка партия түзүп алгыла. Белгилүү брендге айланган партиянын келечегине балта чаппагыла”, - деди ал.

Андан соң Ирина Карамушкина жыйын учурунда президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн лидери катары бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керектигин айтты.

Карамушкинанын пикирине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жооп берди.

"Партиядагы бир адамдын ишмердүүлүгүнө өзүнчө баа берилиши керек. Ар бир КСДП партиясынын мүчөсү өзүнүн пикирин айтып, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшү керек. Элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин туруктуулугун эч качан унутпаш керек. 20 жыл оппозицияда жүргөн партия, азыркыдай бийликтегилер менен күрөшүп келген. Биз, бардыгыбыз президентибизди колдоп сүйлөгөнбүз. Бүгүнкү күндө чыр-чатакты териштирүүнү эмес, партиянын жана өлкөнүн туруктуулугун каалайбыз", - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан