Момбеков: "Коопсуз шаар" долбоорун "Кооптуу шаар" деп койсо жарашат"

Бүгүн, 29-ноябрда парламенттик жыйында депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда толгон-токой коррупциялык иштер бар. "Коопсуз шаар" долбоорун "Кооптуу шаар" деп атаса болот", - деди.

Эл өкүлү долбоор эмнеге ишке ашпай калганын айрым депутаттардан сураш керек деген пикирде.

"Коопсуз шаар" долбоору эмнеге ишке ашпай калган деп биринчи жок дегенде сурап койбойсуңарбы? Кайсы вице-премьер кимден эмне сураганын генерал Зарылбек Рысалиевден сурагыла. Англичандар 10 миллион долларга ишке беребиз дегенин Иса Шейшенкуловичтен сурагыла. "Кыргызтелекомдун" мурдагы башчысы Нурдин Мадеминовдон "эмне үчүн сен "Коопсуз шаарды" Жогорку Кеңеште 10 миллион долларга "Кыргызтелекомдун" базасында ишке ашырам дедиң" деп сурагыла", - деди депутат.

Момбеков бул долбоордогу бир комплекстин баасы бир жылда эле 100 миң долларга кымбаттап кеткенин айтып "коррупциянын чордону ушул жерде" деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан