Алтынбек Сулайманов төрага Дастанбек Жумабековго: "Өкмөттүн "жактоочусу" болгонду токтотуңуз"
Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароо алдында депутаттар арасында пикир келишпестик келип чыкты.
Депутат Алтынбек Сулайманов "2019-жылдын республикалык бюджетин өзүнчө караш керек болчу" деген оюн айтып, спикер Дастанбек Жумабековду сынга алды.
"Кийинкиде ар жылдын бюджетин өзүнчө карап жүрүңүз. Сиз "мыйзам жол берет" деп эле күчкө сала бересизби? Жол бердирбесе да болот беле? "Бюджетти өзүнчө карасын" десеңиз, "карабасын" деген да мыйзам бар бекен, айтыңызчы? Же анда өкмөткө жактоочу болуп алыңыз. Туура эмес кылдыңыз. Сизден кетти баары. Азыр баарыбызды уруштуруп коюп карап отурасыз", - деди Сулайманов.
Өкмөткө суроо берүү үчүн 50 депутат кезекке жазылган. Убакыт тар, күн тартибине киргизилген 2017-жылдын республикалык бюджетин өкмөттүн баяндамасы жок кабыл алып, келе жаткан жылдын бюджетин кароо керектиги айтылган. Бирок көпчүлүк депутаттар мындай сунушту колдошкон жок. Учурда өкмөттүн ар бир тиешелүү мүчөсү баяндама жасап жатат.