Зиядин Жамалдинов: "Кыргыз мамлекетинде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан салык алуу керек"

Бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында өкмөттүн отчёту угулду. Жыйындын жүрүшүндө депутат Зиядин Жамалдинов "Кыргыз мамлекетинде иштеп жаткан чет өлкөнүн жарандарынан эмнеге салык алынбайт?" деп сурады.

Депутат чет өлкөлүктөр Кыргыз мамлекетинде жумушчу орунду ээлеп жатканын белгилеп, алардан салык алууну 2019-жылдын кирешелер бөлүгүнө киргизүү керек деди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "чет жактан келген жарандардын жумуш орундары боюнча текшерүүлөр жүрөт, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү иш алып барат", - деди.

Мындан тышкары Жамалдинов 1 миллиард долларды дыйкандарга субсидия түрүндө берилип жаткан каражаттын эч кандай жыйынтыгы жок экенин айтып, учурда айыл чарба тармагында кайсы багытка көңүл бурулуп жатканын сурады.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров өндүрүштү кайра иштеткен дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди.

"Ар жылдын башында кайсы багытка каражат бөлүү тууралуу анализ жүргүзүлөт. Мурда асыл тукум малды көбөйтүүгө басым жасалса, учурда 50 пайыз мал багуучуларга, 50 пайыз өнүмдү кайра иштетип чыгарган дыйкандарга жардам берилип жатат", - деди экономика министринин орун басары.

Зиядин Жамалдинов "акчаны асманга сапырбай, 1 миллиард долларга ар бир айыл өкмөтүнө экиден трактор алып берсе жакшы жыйынтык бермек" деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан