Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берип жаткан учурда депутат Жанар Акаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (мурунку Каржы полициясы) төрагасы Бакир Таировдун кайда экенине кызыкты.
Аталган мекеменин төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев жетекчиси азыр Эстонияда иш сапарында жүргөнүн айтты.
"Бакир Таиров Кыргыз мамлекетинин аймагынан чыкпоо тууралуу соттун чечимине карабай чет өлкөгө чыгып кеттиби? Соттун чечими чор тамандарга иштеп, чоңдорго иштебейби? 23-ноябрда чыгып жатат. Андан бери канча өттү? Коопсуздук, Чек ара кызматы “кооптуу” саясатчылар боюнча маалыматты жарым саатта эле билесиңер го?" - деп нааразы болду эл өкүлү.
Жамгырчиев соттун чечими 28-ноябрда келгенин айтып, бул тууралуу төраганын кабары жок экенин билдирди.