Коомдук ишмер Абды Сатаров: "Маалымат берүүгө чек коюу ошол жерде цензураны жаратышы мүмкүн"

Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталы "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген соболуна коомдук ишмер Абды Сатаров жооп берди.

Ал ММКлар боюнча мыйзам толук сакталганда өлкө укуктук мамлекетке айланат деген пикирин айтты.

"Маалымат алуу, ММК, медиа боюнча атайын мыйзам бар. Мамлекеттик жашыруун сыр болбосо ар бир журналист маалымат алууга, жазууга укуктуу. Муну эч ким чектей албайт. Ал киши кайсы мыйзамга таянып мындай чечим чыгарганы боюнча түшүнүгүм жок. Мындай чек коюунун өзү кандайдыр бир деңгээлде ошол жердеги цензураны пайда кылышы мүмкүн. Жергиликтүү бийлик болобу, башка бийлик болобу журналисттер менен иштеп ММК мыйзамды толук сактаганда биз укуктук мамлекетке айланабыз", - деди Абды Сатаров.

Журналисттер Нарын Айып, Санрабия Сатыбалдиева, профессор Тилектеш Ишемкулов, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан