Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.
Бул боюнча SUPER.KG порталы "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.
Ал белгилегендей, аскер, коопсуздук, тышкы саясат маселеси боюнча уюмдар ачык айтпай турган нерселер болот.
“Кээ бир уюмдардын өздөрүнүн ички иштери бар да. Ошонун баары эле коомчулукка тарап кетпеши үчүн басма сөз кызматтарын түзөт же расмий өкүлдөрүн дайындайт. Анткени айрым адамдар уюмдун кызыкчылыгына каршы бир нерсе айтып коюшу мүмкүн. Бирок жашыра турган эч нерсеси жок, таза иштеп жаткан мекемелерге расмий өкүлдүн, маалымат кызматынын кереги жок. Аскер, коопсуздук, тышкы саясат маселеси боюнча уюмдарда ачык айпай турган нерселер болот. УКМКнын ичинде эмне болуп, кылмышкер кантип кармалып жатканы жарыяланбашы керек. Бул жалпы максаттарга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн.
Ал эми мэрияда андай чектөө болбошу керек эле. Бирок баары ошентип түзөт. Анткени жашыра турган нерселери көп. Корко турган эч нерсеси жок болсо мындай тыюу салууга болбойт”, - дейт Нарын Айып.
Коомдук ишмерлер Абды Сатаров, Эмил Үмөталиев, журналист Санрабия Сатыбалдиева, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.