Журналист Санрабия Сатыбалдиева: "Мэр Мурат Тагаевдин бул буйругун сөз эркиндигин чектөө деп эсептейм"

Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу интернетке чыгып, ага карата ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Аталган буйрукта мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл экендиги жазылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталынын "Жалал-Абаддын мэри кызматкерлерине журналисттерге маалымат анын уруксаты менен берилсин деди. Бул жарандардын маалыматка болгон укугун чектөө эмеспи?" деген соболуна журналист Санрабия Сатыбалдиева жооп берди.

Журналист мэрдин бул кадамын кол алдындагы жетекчилердин эркиндигине тыюу салууга барабар дейт.

"Мэр Мурат Тагаевдин бул буйругу сөз эркиндигин чектөө деп эсептейм. Анткени мыйзамда деле жергиликтүү органдардын аткарган иши так, даана көрүнүп турсун деп көрсөтүлгөн. Анан калса, шаардагы мекеме, ишканаларга такшалган, иш билги кызматкерлер жетекчи болуп келет да. Алар деле шаардын терс көрүнүшүн ачыктап салбашы турган кеп. Анан мэр менен эмнеге макулдашышы керек, түшүнүксүз. Деги эле мындай буйрук сөз эркиндигине кошо жетекчилердин да эркиндигине тыюу салгандай өңүт калтырууда", - деди ал.

Коомдук ишмерлер Абды Сатаров, Эмил Үмөталиев, журналист Нарын Айып, профессор Тилектеш Ишемкулов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан